super.kg logo

Сузак шайлоо округу боюнча талапкерлерди каттоо аяктады. Талапкерлердин тизмеси

 

№13 Сузак бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлерди каттоо аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясы жалпы 9 талапкер (анын ичинде 2 аял) каттоодон өткөнүн маалымдады.

Талапкерлердин тизмеси:

  • 1) Алтынбек Кылычбаев;
  • 2) Жыргалбек Сейдахматов;
  • 3) Медербек Сапарбаев;
  • 4) Манас Максутов;
  • 5) Бейшенбек Бегматов;
  • 6) Мелисбек Кошалиев;
  • 7) Юлия Лилиенталь;
  • 8) Асилбек Арапбаев
  • 9) Гулмира Камбарова

Маалыматка ылайык, 15 талапкер шайлоого катышуу үчүн арыз беришкен. Алардын ичинен 5 талапкер шайлоого катышуудан баш тарткан жана бир талапкерди каттоодон баш тартылганы айтылат.

Белгилей кетсек, шайлоо 22-сентябрда өтөт.

№13 Сузак шайлоо округунан Жогорку Кеңешке шайланып келген депутат Тазабек Икрамов 19-июлда мандатын өз каалоосу менен тапшырган. Ошол эле күнү Боршайком анын арызын карап, мандатынан ажыраткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: