super.kg logo
  Спорт  

Олимпиада чемпионунун алтын медалын адамдар тебелеп алышты

 

Парижде өткөн Олимпиада оюндарында АКШ курамасынын курамында алтын утуп алган америкалык футболчу Линн Уильямс алтын медалын чийип алды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Тагыраагы, спортчунун достору жана командалаштары жеңиш кечесин уюштуруп, анда бийлешкен. Линн өзү да моюнуна медалын тагып алып, секирип бийлеген. Ошол учурда анын медалынын лентасы үзүлүп, жерге түшүп кеткен.

"Медалым түшүп кеткенде баары бийлеп жатышкан, мен болсо жерден медалымды алайын деп жерди сыйпаладым. Медалымды жерден алсам чийилип, формасын жоготуп калыптыр. Аны досторум билбей тебелеп салышыптыр. Эми мен медалды алмаштырып берүү өтүнүчү менен Эл аралык Олимпиада комитетине кайрылдым. Алмаштырса алам, болбосо ушул эле медалымды сактап калам", - деген ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: