super.kg logo

«Кармалап, тийишип, сөгүп кетишкен». Кара-Сууда бейтааныш кызга тийишкендер кармалды

 

Ош облусунун Отуз-Адыр айыл аймагында бейтааныш кызды уят сөздөр менен сөгүп кеткен жарандар кармалып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул туурасында Ош ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.

Айта кетсек, "Жанынан өтүп бараткан кызды кармалап, тийишип, сөгүп кетишкен" деген кыска видео тасма социалдык баракчаларга тараган.

Аталган факты Кара-Суу РИИБине каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Натыйжада окуя 25-августта Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагында болгондугу аныкталган, ага катыштыгы бар делген Өзгөн районунун 1993-жылы туулган У. уулу С. жана К. Э. аттуу тургундары тергөө кызматына камсыз болушкан. Мындан тышкары аталган райондун А. уулу Б., У.А., Т.С., У.Р., Т.У. жана К.Э. аттуу 6 тургуну суралып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

“Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынат”, - деп кошумчаланат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.08.2024. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздарды мал сыяктуу кабыл алгандарды катуу жазалаш керек. Кээ бир аалымдар молдолор кыздарды мал сыяктуу сыпатташып аялдарды бузуку жан кылып үгүттөп жатышат. Ушунун айынан зомбилер кобойдү
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: