super.kg logo

Талас шаарында "Укук тартип" иш-чарасы болуп өттү

 

Талас шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан “Укук тартип” аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта облустук милициядан билдирди.

Ага ылайык, аталган иш-чаранын алкагында 4 уурулук, 1 алдамчылык фактысы аныкталып, 47 укук бузуу протоколу түзүлдү.

"Мас абалында унаа башкарган 2 айдоочу аныкталып, соттук кароого жөнөтүлдү.

Ошондой эле 1 сайсыз ок атуучу курал өткөрүлүп алынды. Ок атуучу куралдарды сактоо шарттары боюнча 21 акты түзүлүп, текшерилди. Дайынсыз жоголгон 1 өспүрүм кыздын жүргөн жери аныкталып, Чүй облусундагы кризистик борборго жиберилди.

Мындан тышкары Талас шаарынын борбордук базарында тилемчилик кылган 7 жаран аныкталып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп жазылат анда.

Ошондой эле чет өлкөлөрдөн Талас шаарына иштөөгө келген 10 жарандын документтеринин мыйзамдуулугу текшерилген. Жалпысынан 92 үй текшерилип, 167 жарандын өздүгү такталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: