super.kg logo
  Саясат  

Бишкек мэриясы Сауд Арабиянын делегациясы менен жолугушту 

 

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Сауд Арабиядан келген делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу кечээ, 27-августта муниципалитеттен билдиришти.

Маалым болгондой, калаа башчысы Сауд Арабия Королдугунун Инвестициялар министрлигинин Азия департаментинин директору Фейсал Ба Абдулланы жана делегация мүчөлөрүнө иш сапары үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Жолугушууга Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов жана мэрдин орун басары Рамиз Алиев катышты.

Жолугушууда тараптар ар кандай маселелер боюнча эки тараптуу кызматташууну талкуулашты.

Ага ылайык, мэр Бишкек шаарынын мэриясы негизги тармактарда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кызматташууга даяр экенин белгиледи.

Өз кезегинде Файсала Ба Абдулла мырза Бишкек шаарынын жетекчилигине жылуу жана меймандос кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар баарлашуу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары өз ара да кызматташып турарын белгилешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: