super.kg logo

Коронавирустан улам жылган жолугушуу. Токаев Парижден келген олипиадачыларды кабыл алды

 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Парижде орун алган XXXIII Жайкы Олимп оюндарында өлкөнүн атынан барган жеңүүчүлөр менен жолугушту. Ал спортчуларды жана машыктыруучуларды жетишкендиктери менен куттуктады. Бул туурасында казак басылмалары жазышты.

Казакстандын өлкө башчысы дзюдо боюнча Олимпиада чемпиону Элдос Сметовдун жеңишин өзгөчө белгилеп, Парижге барардын алдында жеңиш менен кайтууга сөз берип, алтын алып келгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Нариман Курбанов, Демеу Жадыраев, Нурбек Оралбай, Александра Ле, Ислам Сатпаев, Гусман Кыргызбаев, Назым Кызайбай жана башка спортчулардын эмгегин белгилеп, Казакстан үчүн алып келген ар бир медаль барктуу экендигин айтты. Мындан тышкары машыктыруучуларга жана уюштуруучуларга өзгөчө ыраазычылыгын жеткирди.

Айта кетсек, 14-августта Касым-Жомарт Токаев жеңүүчүлөрдү жана машыктыруучуларды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлаган. 15-августта Париж Олимпиадасынан кайтып келген спортчулар менен болгон жолугушуу коронавирус жуктуруп алган олимпиадачыларга байланыштуу жылдырылган.

Белгилей кетсек, Парижде өткөн ХХХIII Жайкы Олимпиада оюндарында Казакстандын курамасы бир алтын, үч күмүш, үч коло медаль уткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: