super.kg logo

Канададан жаңы сатып алынган учактар сыноодон өткөрүлдү (видео)

 

"Манас" эл аралык аэропорту канадалык компаниядан сатып алган жаңы учактар алгачкы учууну ийгиликтүү аткарды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учактарды сыноо Канадада жайгашкан De Havilland Aircraft of Canada заводунда өткөрүлдү.

Dash-Q8-400 үлгүсүндөгү учактар өлкөгө алып келинери менен облус аралык авиакаттамдардын негизинде аймактарга уча баштайт.

Белгилей кетсек, былтыр “Манас” аэропортунун алдында “Asman Airlines” компаниясы түзүлгүп, аэропорт алгачкы жолу өз каражатына Dash-8-400 үлгүсүндөгү эки учак сатып алган.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков аталган авиакомпания 27-сентябрдан тарта аймактар ортосундагы каттамдарды аткара баштаарын айткан.






видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: