super.kg logo
  Спорт  

Орусия Париждеги Паралимпиада оюндарына бойкот жарыялады

 

Орусиянын Паралимпиадалык комитетинин башчысы Павел Рожков "VseProSport" басылмасына Орусия Париждеги Паралимпиадалык оюндардын ачылыш аземине катышуудан баш тартуу чечимин кабыл алганын билдирди.

Паралимпиада оюндары бүгүн, 28-августта башталып, 8-сентябрга чейин уланат. Бул оюндарга жалпы 90 орусиялык спортчу катышып жатат, алар бейтарап статуста мелдештерге катышат.

"Бизди ачылыш аземге көрүүчү катары катышууга чакырышты. Бирок биз баш тартууну чечтик, анткени анын мааниси жок. Процедура узак жана татаал, ал эми кээ бир спортчулар үчүн мелдеш эртеси эле башталат. Бардыгы нормалдуу болгондо да ушул себептерден улам ачылыш аземине бардык спортчулар катышмак эмес. Жабылыш аземине келсек, катышабызбы же жокпу азырынча чече элекпиз. Кырдаал кандай өнүгүп кетерин көрөбүз”, - деген Рожков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: