super.kg logo

Париж-2024: Түштүк Кореянын спортчулары менен сүрөткө түшкөн Түндүк кореялык спортчулар жазаланышы мүмкүн 

 

Түндүк Кореядан келген спортчулар Париж шаарында өткөн Олимпаида оюнунда Түштүк Кореянын спортчулары менен сүрөткө түшкөнү үчүн жазага тартылышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Анда Ким Кум Янг менен Ли Жонг Сик Париж Олимпиадасында стол тенниси боюнча мелдешке катышып, күмүш медалга ээ болушкан. Спортчуларды бийлик өкүлдөрү сыйлык тапшыруу учурунда атаандаштары менен жылмайып түшкөн сүрөтү үчүн айыпташты.

Ошондой эле теннисчилер өлкөгө кайтып келгенде бир катар текшерүүлөрдөн өтүшкөн.

Учурда Түндүк Кореяда Олимпаида маалында спортчулар башка өлкөнүн өкүлдөрү менен өзүн кандай алып жүргөнү каралууда. Эгер текшерүүдө спортчулар бийликтин көрсөтмөсүн бузган деп чечилсе, алар жазага тартылат. Азырынча кандай жазага тартылары белгисиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: