Атактуу балбан Жоламан Шаршенбековдун Хаким Махмудов тууралуу билдирүүсүнө реакция жасады
Париж шаарында өткөн Жайкы Олимпиада оюндарында күмүш байге уткан украиналык балбан Парвиз Насибов кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбековдун машыктыруучусу Хаким Махмудовго ыраазычылык айтып жазган постунун астына билдирүү калтырды.
Анда украиналык балбан Хаким Махмудовго узак өмүр каалаган.
"Мыкты машыктыруучу! Париждеги Олимпиадада сен үчүн жүргөнү, тиленип жатканы дагы деле көз алдымда. Аллах сенин машыктыруучуңа узак өмүр берсин", - деп жазды украиналык балбан.
Парвиз Насибов Украинадагы белгилүү балбандардын бири. Ал Токиодогу жана Париждеги оюндарда күмүш байге уткан. Эң кызыгы, эки Олимпиаданын финалында тең ирандык балбандар менен күрөшүп, жеңилүү ызасын тарткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.