super.kg logo

Талас шаарындагы мектеп жана бала бакчаларда оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө

 
Үлүштүк гранттардын эсебинен Талас шаарындагы мектепке чейинки жана жалпы орто билим берүү мекемелеринде оӊдоп-түзөө иштери аяктоо алдында турат. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлады.
Маалыматка ылайык, кечээ, 27-августта билим берүү мекемелериндеги оңдоо иштерин шаар мэри Байышбек Астанакулов текшерди. Анда мэр аткарылып жаткан иштердин сапатына жана мөөнөтүндө аяктоого өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты.
"Гранттардын эсебинен шаардагы №1 мектептин аймагындагы кичи футбол аянтчасын оӊдоого 1 миллион 300 миң 163 сом, ошол эле мектептин сырткы фасадын жаӊыртууга 3 миллион 550 миң 295 сом, ал эми №2 мектептин алдына таман таш төшөөгө жана спорт залдын жылуулук системасын жаңыртууга 3 миллион 409 миң 985 сом бөлүндү.
Ошондой эле №9 мектептин капиталдык оңдоп-түзөө иштерине 2 миллион 910 миң 99 сом бөлүнүп берилди", - деп жазылат анда.
Мындан тышкары №9 “Буратино” бала бакчасы, №15 “Ак бешик” бала бакчасы, №3 мектеп гимназиясы, №6 “Теремок” бала бакчасы жана №7 мектептин оңдоп-түзөө иштерине тиешелүү каражат бөлүнгөн. Аталган иштерди жаңы окуу жылына карата аяктоо пландалууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: