super.kg logo

Сүлүктүдө жүргүзүлгөн "Арсенал" аттуу иш-чарада 5 жаранга айып пул салынды

 

Сүлүктү шаарында 26-28-август күндөрү “Арсенал” иш-чарасы өткөрүлдү. Анда беш жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта Баткен ОИИБинен билдиришти.

Анда милиция кызматкерлери каттоодо турган жарандардын ок атуучу куралдарынын сактоо эрежелери, сактоо мөөнөтү, жардыруучу, күчтүү уулуу затттарды сактоочу кампаларды текшерип чыгышты.

Ошондой эле катталган кылмыштардын бетин ачуу, укук бузууларга жол бербөө максатында топторго бөлүнүп иш алып барышты.

"Жалпысынан 350гө жакын кожолук текшерилип, ок атуучу куралдарын каттоо мөөнөтүн бузган жарандарга Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 133-беренеси (Ок атуучу, газ, пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралын, же болбосо алардын атуучу ок-дарыларын сактоо жана ташуу эрежелерин бузуу) менен беш жаранга протокол түзүлдү", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: