Салыкчылар Эгемендүүлүк күнү да күчөтүлгөн тартипте иштешет. Себеби
Кыргызстандын салык органдары жарандардын мүлк салыгын төлөө процессин жеңилдетүү үчүн күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Бул туурасында бүгүн, 28-августта Мамлекеттик салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, салык кызматкерлери 29-30-августта — 21:00гө чейин, 31-августта — 18.00гө чейин демейдегиден узагыраак убакытка иштешет. Бул күндөрү жарандар мүлк салыгын эсептөө жана төлөө боюнча кеңеш ала алышат.
Эскерте кетсек, транспорт каражаттарына, турак жайларга, батирлерге жана жер тилкелерине салык төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.