Баткенде өткөн “Нелегал” иш-чарасында 25 чет элдикке айып пул салынды




Баткен облус аймагында мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү, миграциялык мыйзамдарды бузуу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу максатында “Нелегал” ыкчам алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү. Бул туурасында Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Анда кызматкерлер тарабынан кыргыз өлкөсүндө эмгектенип жүргөн 63 чет элдик жаран менен баарлашуу болуп, алардын 25ине мыйзам бузгандыгы боюнча айып пулдар салынды.
“Нелегал” ыкчам профилактикалык иш-чарасы облус аймагында 5 күн катары менен өтүп, бүгүн, 28-августта жыйынтыкталгандыгы маалыматта кошумчаланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Azat-123

28.08.2024. 17:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тажикстандан Лейлек Айдаркен Кадамжайга чейин усталар келип фундамент куюп кирпич дубал тургузуп жатышат деген кептер жалган болбосо керек,
эгер ОИИБ алардын басымдуу бөлүгү Өзбекстандын жараны десеңер калпыңар чыгат,
себеби Өзбекстан жарандары Ош, Жалал-Абад Бишкек шаарларына келип иштешет,
мен өзүм уста катары далилдеп бере алам,
андыктан Баткен милициясы тажик усталарын жаап жашырып алардын үстүнөн доля жеп жүргөнүңөрдү көбү билет
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.