super.kg logo

Эгемендүүлүк күнү: Бишкекте өтө турган иш-чаралардын тизмеси

 

31-августта өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Бишкек шаарынын райондорунда бир катар иш-чаралар өткөрүлөт. Калаа бийлиги иш-чаралардын тизмесин жарыялады.

Свердлов району:

29-30-август күндөрү саат 17:00дөн 18:00гө чейин Чыгыш-5 кичи районундагы Арбат аллеясында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган ачык асман алдында сүрөт көргөзмөсү өтөт;

31-августта саат 08:00дөн баштап Каражыгач токоюнда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган ачык асман алдында сүрөт көргөзмөсү, спорттук оюндар жана тамактануу зоналары уюштурулат.

Октябрь району:

31-августта Көк-Жар айылында концерт болуп, спорттук оюндар уюштурулат.

Биринчи май району:

31-августта Ак-Босого жаңы конушунда “Этникалык шаарча” уюштурулуп, боз үйдүн жасалгасы, анын ички жасалгасы жана концерттик программа, улуттук тамак-аш, оюн-зоок, спорттук мелдештер уюштурулат.

Ленин району:

31-август саат 16:00 Ю. Фучик көчөсү, 18а үйүнүн жашоочулары үчүн оюн аянтчасында иш-чара өткөрүлөт. Анда ар кандай оюндар уюштурулуп, майрамдык концерт менен коштолот;

31-августта саат 10:00дө «Люкс» эс алуу скверинде өспүрүмдөр арасында спорттук иш-чараларды өткөрүү пландалууда;

31-августта саат 15:00дө Ала-Тоо конушунда балдар аянтчасында мектеп жашындагы балдар арасында футбол боюнча мелдеш өтөт;

31-август күнү саат 10:00дө №79 мектепте Арча-Бешик конушунун тургундарына концерт тартууланып, улуттук оюндар уюштурулат;

31-августта саат 17:00дөн 22:00гө чейин Азия-Молл соода борборунун фасадында орус жана кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң концерт болот;

31-августта саат 11:00дө Ынтымак жаңы конушунда шаар тургундарынын катышуусунда концерт болот;

31-августта саат 14:00дө Жаш Гвардия менен Чүй проспектисинин кесилишинде шаардык “Диалог” маданият үйү Бишкек шаарынын тургундарына майрамдык концерт уюштурат.

Ал эми "Ала-Тоо" аянтында кыргыз эстрада жылдыздары жана чет элдик өнөрпоздордун катышуусунда гала-концерт өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: