ӨКМ Бишкекте мыйзамсыз сатылган жарым тоннадан ашык бензинди алды




Кечээ, 28-авугустта Бишкекте ӨКМдин Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматы өрт кырсыгынын алдын алуу максатында атайын рейд жүргүзүштү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
"Мыйзамсыз сатык сатуучунун жана кардардын өмүрүнө коопсуз, ал тургай жол жээктериндеги желим бөтөлкөлөр өрт кырсыгына жол ачпайт деп ким кепилдик берет? Эгер өрт чыкса жол жүргөн унаалар, жакын жайгашкан үйлөр кайсыл бир деңгээлде жабыркайт", - деп билдиришти ӨКМден.
Ага байланыштуу, Бишкектин Ленин районуна караштуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, салыкчылар жана милиция кызматкерлери менен Ден-Сяопин, Алыкулов көчөлөрү жана Ак-Ордо конушу текшерилди.
Рейддин жыйынтыгында мыйзамсыз күйүүчү жана майлоочу май саткандар аныкталып, жалпысынан 565 литр күйүүчү май конфискацияланды. Ал эми алып саткан жарандарга административдик чаралар көрүлмөкчү.

