"Касым, Жомарт, Кемел". Казакстандык аял 7 кыздан кийин 3 эм төрөдү
Коңшу Казакстандын Келес районунун Абай айылынын 33 жаштагы тургуну үч эм төрөдү. Анын буга чейин 7 кызы бар болчу. Балдарга Касым, Жомарт, ал эми кызга Кемел деген ысым коюлганын Түркстан облусунун акимчилиги билдирди.
Гүлназ Хожабекова мөөнөтүнөн мурда – кош бойлуулуктун 33-жумасында төрөгөн. Кээ бир каршы көрсөтмөлөрдөн улам аялга операция жасоого туура келген. Үй-бүлө башчысы Бахыт Мыңжасар курулушта иштейт, жубайы үй кожойкеси. Ымыркайларга ысымдарды апасы өзү койгон. Төрөлгөндө алардын салмагы 2 килограмм болгон.
"Балдарга президентибиздей болсун деген ойдо Касым, Жомарт, Кемел деген ысымдарды койдук. Мен бактылуумун", - деген үч эмдин энеси.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:11
2025-11-09
23:52
2025-11-07
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















