super.kg logo
  Спорт  

Дагестандык балбан Азербайжан президентинен кечирим сурады

 

Күрөш боюнча Азербайжан курама командасынын дагестандык балбаны Магомедхан Магомедов орусиялык маалымат каражаттарына берген маегинде айрым сөздөрү үчүн президент Ильхам Алиевден жана Азербайжан элинен кечирим сурады. Бул тууралуу Азербайжандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Ал Олимпиададан кайтып келгенден кийин Азербайжандын президенти 3-даражадагы "Мекенге кызмат кылгандыгы үчүн" ордени менен сыйлаган.

"Мен Азербайжандын атынан 2022-жылдан бери мелдештерге катышып келем. Азербайжандын президентине, Азербайжан күрөш федерациясынын жетекчилигине жана мага ушундай мүмкүнчүлүктү түзүүгө салым кошкондордун баарына ыраазычылык билдиргим келет. Мен Азербайжанды сүйөм жана бул өлкөнүн атынан чыкканыма сыймыктанам. Мен Азербайжандын желеги астында Европа чемпиону, Дүйнөлүк чемпиондугу жана Олимпиада оюндарынын медаль ээси болдум. Орус басылмаларынын бирине берген маегимди чечмелөө түшүнбөстүк. Азербайжан президенти тарабынан мага тапшырылган орден мен үчүн абдан баалуу. Болгон окуяга байланыштуу мен Азербайжан президентинен жана бүткүл азербайжан элинен кечирим сурайм", - деген Магомедов.

Магомедхан Магомедов Париждеги Жайкы Олимпиада оюндарында 97 килограмм салмакта коло медаль уткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: