Ош шаары жарнамалык такталардан толук тазаланды (видео)
Ош шаары эски үлгүдөгү жарнамалык такталардан тазаланды. Бул туурасында бүгүн, 29-августта мэриянын басма сөз кызматы билдирип, видео менен бөлүштү.
Маалымдалгандай, эски үлгүдөгү 300гө жакын жарнама такталары алынган.
“Бул иштер шаардагы көчөлөрдүн инфраструктурасын жакшыртуу жана иретке келтирүү максатында жасалды”, - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкек мэриясына шаардагы эски жарнамалык такталарды 31-августка чейин толугу менен тазалап, шаардын көркүнө ылайыктуу жана ыңгайлуу жерлерге LED экрандарды коюп алмаштыруу тапшырмасын берген.
Ал арада экинчи борбор калаада да тазалоо иштери башталган.
29.08.2024
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.