super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз футболу жаңы машыктыруучулар менен толукталды 

 

Кыргыз футболдук биримдигинин кеңсесинде "Д" сертификаты үчүн машыктыруучулар курсун ийгиликтүү аятагандарга сертификаттар тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Ага ылайык, окутуу 10-июндан 28-августка чейин өттү. Ага жалпы 23 машыктыруучу катышып, 19 машыктыруучу сертификатка ээ болду.

"Курстун жүрүшүндө машыктыруучулар теориялык жана практикалык билимдерден сырткары, балдарды коргоо жана биринчи жардам боюнча лекцияларга катышышты.

Окутууну Австриядан келген башкы адистер, Алекс Бауэр жана Искендер Ишчакар өткөрдү", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, сертификаттын ээлери эми 12 жашка чейинки оюнчулардан түзүлгөн командалардын машыктыруучусу боло алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: