super.kg logo

"Сиздерден колдоо күтөбүз". Бишкек мэри шаардагы троллейбустар боюнча үн катты

 

Бүгүн, 29-августта Айбек Жунушалиев Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында троллейбустардын абалы боюнча түшүндүрмө берди.

"Бүгүнкү күндө Бишкек мамлекет башчысынын колдоосу менен 1000 автобус менен камсыз болдук. Биз бүгүнкү күндө шаарга коомдук транспорт керек экенин бир нече жолу айттык. Шаар ичинен 1,5 миңден ашык кичи автобустарды чыгардык. Троллейбус маселеси, "Ачык асман" шаарын түзүү жөнүндө сөз болуп жаткандай. Бул биздин программада болгон. Биз бүгүнкү күндөгү динамиканы токтотпошубуз керек.

Биз троллейбустарды сатпайбыз, аймактарга берип жатабыз. Бул мамлекеттин саясаты. Баары бирдей өнүгүшүн каалайбыз.

Бишкектин аймагы үч эсеге көбөйдү. Троллейбустар ал аймактарга жетпейт. Жаңы аймактарга жетүү үчүн биз мындан да көп мобилдүү автобустарды жана электр автобустарын сатып алышыбыз керек. Сиздерден бул маселе боюнча колдоо күтөбүз", - деди шаар башчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: