"Манас" эл аралык аэропорту жаңы техникалар менен камсыздалды





"Манас" эл аралык аэропорту тейлөө деңгээлин жана эксплуатациянын натыйжалуулугун жогорулатууга умтулуу менен өзүнүн техникалык инфраструктурасын модернизациялоону жана чыңдоону улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта аталган мекемеден билдиришти.
Бул стратегиянын алкагында аэропорт учактарды жана аэропорттун өзүн үзгүлтүксүз эксплуатациялоону жана тейлөөнү камсыз кылуу үчүн зарыл болгон жаңы жогорку технологиялык жабдууларды сатып алды.
"Манас" эл аралык аэропорту техникаларын жаңылады:
- багаж үчүн 6 өзү жүрүүчү ленталык транспортер;
- 2 аэродромдук плуждук-щеткалык кар тазалоочу машина, аба кемелерин тейлөө үчүн 2 амбулифт;
- 2 пикап;
- 1 трактор;
- 1 кичи трактор;
- 3 комплект аэродром токтотуучу арабалары сатылып алынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.