super.kg logo

Аскат Жетигендин апелляциялык арызын кароо 19-сентябрга жылды

 

Акын жана активист Аскат Жетигендин апелляциялык арызын кароо 19-сентябрга жылдырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, 1-июлда Свердлов райондук соту Аскат Жетиген “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 3 жылга эркиндигинен ажыраткан. Ал эми “Массалык башаламандыктарга чакыруу” беренеси боюнча сот активистти актаган.

Аскат Жетиген сотто өзүнө коюлуп жаткан айыптарга макул эместигин айткан.

Эскерте кетсек, Аскат Жетиген 20-мартта кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. Ал “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренелери боюнча айыпталган.

Ага чейин акын 15-мартта кайрылуу жасап, бийликти сөгүп билдирүү жарыялаган. УКМК тарабынан 16-мартта кармалып, 48 саатка камакка алынган. 18-мартта Биринчи май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тил каты менен бошоткон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: