Паралимпиада: Украиналык спортчу пьедесталда орусиялык спортчу менен сүрөткө түшүүдөн баш тартты
Украиналык сууда сүзүүчү Александр Комаров Париждеги Паралимпиада оюндарында сыйлык тапшыруу аземинен кийин орусиялык Кирилл Пулвер менен бирге сүрөткө түшүүдөн баш тартты.
Пулвер 200 метрге эркин сүзүүдө күмүш медалдын ээси болду, ал эми украиналык спортчу үчүнчү орунду ээледи. Жеңүүчү болуп италиялык Франческо Боччардо табылды. Сыйлык тапшыруу аземинен кийин орусиялык спортчу менен италиялык эле чогуу сүрөткө түштү.
Париждеги Паралимпиада оюндары 8-сентябрда аяктайт. Орусиялык паралимпиадачыларга нейтралдуу статуста гана катышууга уруксат берилген, алардын медалдары жалпы эсепте эсепке алынбайт.
Паралимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан 4 спортчу катышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.