super.kg logo

Бишкектеги жаңы Ак үйдө иштегендер акчаларын ала албай жатканын айтып чыгышты. Аларга Туманбаев жооп берди

 

Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев жаӊы Ак үйдүн курулушу боюнча мамлекеттин эч кимге карызы жок экенин айтты. Бул тууралуу ал “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген комментарийинде билдирди.

"Интернетте арызданган жумушчулар тууралуу видео кайрылууну мен дагы көрдүм. Биринчиден, жаңы Ак үйдүн курулушу боюнча мамлекет бардык төлөмдөрдү жүргүзүп бүткөн. Башкача айтканда, биздин эч кимге карызыбыз жок. Экинчиден, "Делюкс групп" деген субподрядчы компания тууралуу маселе көтөрүшүптүр. Мен бул компания тууралуу биринчи жолу угуп жатам. Андай компания менен иштешкен эмеспиз, тааныбайбыз дагы. Биз иштешкен компаниялар кандай субподрячы компаниялар менен иштегенин билбейбиз жана аларга тиешебиз жок", - деди Каныбек Туманбаев.

Белгилей кетсек, 29-августта жаңы Ак үйдүн курулушунда иштеген айрым жумушчулардын "июль айынан бери маянабызды ала албай жатабыз" деген видеосу социалдык тармактарга тараган. Анда алар “Делюкс групп” субподрядчы ишкана жумушка алганын айтышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: