Жаңы окуу жылына даярдык. Мектептердин айланасында жол чийиндери чийилди








ЖКККББнын Жол көзөмөлдөө бөлүмү орто мектептер жайгашкан көчө-жолдорго жеринен кароо иштерин жүргүзүп, аныкталган кемчиликтердин баарын окуу жылынын башталышына карата орундатты. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта аталган мекемеден билдиришти.
Өлкөнүн баардык мектептердин айланасына керектелген “максималдуу ылдамдыкты чектөө” жана жөө өткөөл жол белгилери орнотулуп, жөө өткөөлдөр үчүн жол чийиндери чийилип, мектеп окуучуларынын жол коопсуздугуна тийиштүү чаралар көрүлдү.
"Ал эми 2-сентябрда жаңы окуу жылынын башталыш күнүндө ЖКККББнын кызматкерлери мектептерге бекитилип, күчөтүлгөн тартипте кызмат алып барышат", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.