super.kg logo
  Спорт  

Иран-Кыргызстан беттешин каяктан көрөсүз? Футбол биримдиги Бишкекте ири фан-зона уюштурат

 

Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагындагы Иран-Кыргызстан беттеши Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында түз эфирде көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги кабарлады.

Фан-зона 5-сентябрь күнү саат 20:00дө уюштурулат.

"Ак шумкарларды" колдоо үчүн келгендерди кызыктуу шоу-программа, оюн аянтчалары, баалуу белектер менен ойнотулган конкурстар күтөт. Шоу-программанын алкагында эстрада ырчылары Баястан, Nilo жана Айыма Айылчиева ырдашат. Иш-чаранын алып баруучусу Алинур Абдыкалыков жана Нурсултан Курсанали уулу болмокчу.

"Иш-чарага кирүү акысыз. Үй-бүлөңүз менен келиңиз, Кыргызстандын курама командасын колдоңуз жана кечени футбол сүйүүчүлөрү менен кошо өткөрүңүз!" - деп билдиришти Кыргыз футбол биримдигинен.

Оюндун өзү Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө старт алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: