super.kg logo
  Спорт  

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган спортчулардын формасы даяр болду (сүрөт)

 

Кыргыз курама командасынын V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кие турган параддык жана спорттук экипировкасы даяр болду. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалым болгондой, форманы ата мекендик “Bigser sport” компаниясы даярдаган.

"Жалпы экипировка 10 элементтен турат. Парадга калпак, блейзер-пиджак, поло футболка, шым тигилсе, спорттук форма үчүн кепка, бомбер куртка, футболка, карго шым, спорттук бут кийим, рюкзак даярдалды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 8-сентябрдан 14-сентябрга чейин Казакстандын Астана шаарында V Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Ага Кыргызстандан 183 спортчу катышат.

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2014, 2016 жана 2018-жылдары Кыргызстанда, ал эми 2022-жылы Түркияда өткөн. 2026-жылы Өзбекстанда өтө турган болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: