super.kg logo
  Саясат  

БШК Нуржигит Кадырбековду депутаттык мандатынан ажыратты

 

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 30-августтагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбековдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Парламенттеги “Ыйман нуру" фракциясынын лидеринин депутаттык мандатын тапшыруу боюнча арызын Боршайкомдун мүчөлөрү бир добуштан колдоду.

Эл өкүлү бүгүн өз каалоосу менен мандатын тапшыруу үчүн арыз жазган. Анын эмне себептен мындай кадамга барганы белгисиз. Өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Белгилей кетсек, Нуржигит Кадырбеков 22-августта УКМКга сурак берип чыккан. Эл өкүлү SUPER.KG порталына суракка "Ыйман” фондунун ишмердигине байланыштуу күбө катары чакырылганын айтып, тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу кененирээк айта албастыгын билдирген.

Ошондой эле ал сурак учурунда анын депутаттык мандаты тууралуу кеп болбогонун айткан болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: