Париж Олимпиадасында рекорд жараткан спортчу 21 күндөн кийин ал рекордунан дагы ашты (видео)
Париж шаарында өткөн Жайкы Олимпиада оюндарында таяк менен бийиктикке секирүү боюнча дүйнөлүк рекордду жаңылап, алтын байге уткан Арман Дюплантис ал рекордунан дагы ашты.
Тагыраагы, швециялык спортчу Польшада өткөн мелдеште 6,26 метр бийиктикти таяк менен секирип ашып өтүп, өзүнүн Париж Олимпиадасында койгон рекордун жаңылады.
Париж Олимпиадасында Арман Дюплантис 6,25 метр бийиктиктен таяк менен ашып өтүп, дүйнөлүк рекордду жаңылаган. Бул рекордунан туура 21 күн өткөндөн кийин ал кайра жаңы рекорд койду.
Дюплантиске чейинки рекорд бразилиялык Тиаго Брас да Силвага таандык болчу. Ал 2016-жылы Риодо өткөн Олимпиадада 6,03 метр бийиктиктен секирип өтүп, рекорд койгон.
Арман Дюплантис өзүнүн рекордун кайра жаңылады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.