super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Кара-Балта шаарын өнүктүрүү планы менен таанышты

 

Президент Садыр Жапаров Чүй облусун жана Кара-Балта шаарын өнүктүрүү пландары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы бүгүн, 30-августта маалымат таратты.

Анда мамлекет башчыга Чүйдү өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү, жергиликтүү калктын жашоо сапатын жакшыртууга жана экономикалык өсүшкө багытталган долбоорлордун ишке ашырылуусу тууралуу маалымат берилди.

Ошондой эле Жапаровго Кара-Балта шаарын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планынын алкагында өлкө бюджетинен бөлүнгөн 1 миллиард сомдук иштердин пландары жана жыйынтыгы тууралуу маалымат берилди.

"Кара-Балта шаарынын суу түтүктөрүн жана канализациясын реконструкциялоого республикалык бюджеттен 158,5 млн сом каралган. Шаардын жалпы узундугу 23 чакырымды түзгөн 18 көчөсүндө суу түтүктөрүн оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө 8931,00 метр траншеялар казылып, 6260,00 метр болот түтүктөр ширетилип, 180 кудук орнотулду" деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары шаарда 140 орундуу жаңы бала бакча курулары кошумчаланды.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: