super.kg logo

Айтургандын өлүмү: Шектүү катары жолдошу кармалды

 

Айтурган Маматкулованын өлүмүнө шектүү катары жолдошу кармалды. Бул тууралуу жактоочу Жанат Гүлжигитов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Бишкектин Октябрь РИИБи маалыматты тастыктап, 26 жаштагы шектүү Н.Т. убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин маалымдады. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» боюнча айыпталууда.

Милиция тергөө иштери уланып жатканын кошумчалады.

Эске салсак, 10-июлда Октябрь РИИБи иликтөө иштери башталганын маалымдаган болчу. Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишиндеги тергөөнү Башкы прокуратура көзөмөлгө алган.

Айтургандын өлүмү коомчулукта резонанс жаратууда. Белгилүү болгондой, ал 7-июль күнү Бишкектеги №4 клиникалык тез жардам ооруканасында каза болгон. Жолдошу ал өз өмүрүнө кол салуу үчүн дары ичип алганын айтып чыккан.

Бирок келиндин жакындары буга ишенбей турганын, анын өлүмүнө күйөө баласы себеп болушу мүмкүн экенин айтып SUPER.KG порталына кайрылышкан.










 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: