super.kg logo

Социалдык фондго кайсы суроолор боюнча көп кайрылышат? Мекеме кайрылууларды тизмектеди

 
Өлкөнүн Социалдык фондуна ушул жылдын 7 айында (январь-июль) айларында 6311 кайрылуу келип түшкөн. Алардын арасынан 3122си ишеним телефон аркылуу кайрылышкан.
Мекеме кайрылуулардын 292си жазуу түрүндө болсо, 800ү оозеки түрдө, уюлдук телефон аркылуу 2012 кайрылуу түшкөнүн билдирди. Ал эми 85 жаран Соцфонддун жетекчилиги тарабынын кабыл алынган.
Жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук, оозеки) кайрылуулардын тематикасы боюнча төмөнкү багыттарда суроолор келип түшкөн:
  • пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө;
  • мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө;
  • пенсияларды индексациялоо тууралуу;
  • пенсияга укугу боюнча;
  • пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө тууралуу;
  • пенсиянын өчөмүнө кайра эсептөө боюнча;
  • пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө жөнүндө;
  • Соцфонддун ишмердүлүгү боюнча башка суроолор.
Мекеме келип түшкөн бардык суроолор боюнча мамлекеттик жана расмий тилде жеткиликтүү жооптор берилип жатканын белгилеген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: