Жүз миңдей кыргызстандык паспортторун акысыз алмаштырышты
AN сериясындагы 2004-жылкы үлгүсүндөгү ID-картын 2024-жылкы жаңы үлгүдөгү ID-картка алмаштыруу боюнча улуттук кампания ишин аяктады. Натыйжада жүз миңдей кыргызстандык ID карт паспортторун акысыз алмаштырышты.
Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, бул акция 19-июнда президент Садыр Жапаров тарабынан демилгеленип, бүгүн, 31-августта аяктады.
Жаңы берилген паспорттор мамлекеттик "Учкун" басмаканасынан басылды. Мамлекет башчысы ата мекендик паспорттордун коргоочу элементтери коопсуздук талаптарына жооп берерин белгилеген.
31.08.24
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.