super.kg logo

Кыргыз-казак эл аралык айтышынын жеңүүчүлөрү белгилүү болду (сүрөт) 

 

Бүгүн, 31-августта Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышы болуп өттү.

Кечээ XVII эл аралык айтыштын биринчи жарым финалы жыйынтыкталып, казак акындарынан Хазирет Бердихан, Асем Эреже кызы, Данияр Алдаберген жана Талгат Орынбек, кыргыз акындарынан Баян Акматов, Турат Жумаев, Темирбек Матыбаев, Изат Айдаркулова жарым финалга чыгышкан.

Акындар өнөр тартуулашып, Хазирет Бердихан, Асем Эреже кызы, Турат Жумаев жана Темирбек Матыбаев финалга чыгышты.

Жыйынтыгында, баш байгеге Темирбек Матыбаев, Асем Эреже кызы (350 миң сом), 1-орунга Хазирет Бердихан, Турат Жумаев (250 миң сом), 2-орунга Талгат Орынбек, Изат Айдаркулова (200 миң сом), ал эми 3-орунга Данияр Алдаберген, Баян Акматов (150 миң сом) ээ болушту.

Эске салсак, 12-августта төкмө акындардын эл аралык айтышынын тандоо туру болуп өткөн. Ага жалпысынан 32 акын катышып, алардын ичинен 10 акын бул айтышка жолдомо алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: