Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. 2-сентябрга карата аба ырайы
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, эртең, 2-сентябрда күндүзү Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде жаан-чачын күтүлөт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10 ... +15, күндүз +17 ... +22,
Талас жергесинде түнкүсүн +8 ... +10, күндүз +18 ... +20,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16 ... +18, күндүз +27 ... +29,
Ысык-Көлдө түнкүсүн +8 ... +10, күндүз ... +20 ... +22,
Нарын дубанында түнкүсүн +6 ... +8, күндүз +21 ... +23,
Бишкек шаарында күндүзү өткүн өтөт. Абанын табы түнкүсүн +13 ... +15, күндүз +20 ... +22 градус болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.