super.kg logo

Нурдан Орунтаев "Батуми" кафесинин ордуна салынган сейил бакты ачты

 
Бишкектеги "Батуми", “Шашлычная №1" кафелеринин ордуна салынган "МУУН" сейил багынын ачылыш аземи бүгүн, 1-сентябрда өттү. Ага мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев, шаар мэри Айбек Жунушалиев катышты.
Агенттиктин маалыматына ылайык, сейил бактын жалпы аянты 4 гектарды түзөт. Анда балдар аянтчасы, машыгуу бөлүгү жана энелер бөлмөсү бар. Сейил бак кыргыз каллоритинде жасалган.
Мекеме аталган сейил бак Жал кичи районунда жайгашканын белгиледи.
Эске салсак, Нурдан Орунтаев Бишкек мэринин орун басары болуп турган убакта "Батуми" кафесин мыйзамсыз курулган деген негиз менен буздурган. Бул өз кезегинде чуу жараткан маселе болуп, УКМК тарабынан ишти иликтөөлөр башталган болчу.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: