Нарында жубайына бычак сайып жиберген тургун кармалды
Нарын шаарында аялына бычак сайып жиберген тургун кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирмеге ылайык, 31-августта саат 11:00 чамасында милицияга облустук ооруканадан жолдошу аялын бычак менен сайып жибергени боюнча маалымат түшкөн.
Анда 42 жаштагы тургун М.Н. "Он-Арча" базарынын ичиндеги ашканада ашпозчу болуп эмгектенген 41 жаштагы келинчегин ашканада өзү көтөрүп жүргөн бычагы (маки) менен сайып жибергендиги аныкталган.
Жабырлануучу облустук ооруканага жаткырылып, шектүү кармалган.
Тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.