Павел Дуровдун Парижде кармалгандан кийинки алгачкы сүрөттөрү жарыяланды



Франциянын Paris Match басылмасы Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуровдун Парижде камакка алынгандан кийинки алгачкы сүрөттөрүн жарыялады.
Сүрөттөрдө Дуров кара кийим, көз айнек жана кепкачан болуп, кыз менен Елисей талаасын бойлоп баскан. Журналисттер Дуровдун жанындагы кыз Юлия Вавилова экенин жазышты. 24 жаштагы орусиялык кызды Дуров менен Казакстан, Кыргызстан жана Азербайжанга болгон сапарында да көрүшкөн.
"Ага коюлган айыптардын оордугуна карабастан, орусиялык ишкер анда эч кандай көйгөй жоктой жүрдү", - деп жазды аталган басылма.
Сүрөттөр 28-августта Дуров беш миллион евро күрөөгө бошотулуп, Франциядан чыгууга тыюу салынгандан кийин тартылганы такталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:13
2025-07-16

22:19
2025-07-15
21:23
2025-07-15
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.