super.kg logo

Нарында ашканада иштеген аялын бычактап салган жарандын видеосу тарады

 

Нарын шаарында ашканада иштеген аялын иштеген жерине кирип келип, бычактап салган жарандын видеосу социалдык тармактарга тарады.

Видеодо көрүнгөндөй, ашканада тамак жасап жаткан аялды сырттан кирип келген жаран эч себепсиз эле бычактап баштаганын көрүүгө болот. Аялдын жанындагы иштешкендери качып чыгып, бир нече убакыттан кийин эркек адам келип бычактап жаткан жаранды кармаган.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы окуя 31-августта саат 11:00 чамасында Нарындагы "Он-Арча" базарынын ичиндеги ашканада болгонун билдирди. Анда 42 жаштагы жаран ашпозчу болуп эмгектенген 41 жаштагы келинчегин ашканада өзү көтөрүп жүргөн бычагы (маки) менен сайып жибергендиги аныкталган.

Жабырлануучу облустук ооруканага жаткырылып, шектүү кармалган.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.






Нарындагы кылмыш

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: