super.kg logo

Чүйдө МАИ кызматкери жумуш учурунда сабалган. Милиция 33 жаштагы жаранды кармады

 

Чүй облусунун аймагынан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерине кол көтөргөн деген шек менен 33 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 1-сентябрь күнү Москва РИИБи боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп жаткан рейд учурунда Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаасы токтотулуп, текшерүүгө алынган. Текшерүү учурунда автокөлүктүн айдоочусу жол тескөөчүнүн талабына баш ийбестен каршылык көрсөтүп, кол көтөргөн. Анын кесепетинен МАИ кызматкери райондук ооруканага жеткирилген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1991-жылы туулган А.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда окуя боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: