Атактуу балбан анын салмагында чемпион болгон өзбекстандык Разамбек Жамаловго кайрылды
Атактуу италиялык балбан Франк Чамизо Париж Олимпиадасынын чемпиону, коңшу өзбекстандык Разамбек Жамаловго кайрылды.
Социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуусунда Франк Чамизо Разамбек Жамаловду беттеш өткөрүүгө чакырды.
"Билесиңби, Олимпиадага чейин менде жаракатыма байланыштуу көйгөйлөр болгон жана мен каалаган нерсеме жете албадым. Эми жаракатыман айыгып, мен даярмын. Эл биздин күрөшүбүздү күтүп жатат. Айтчы кайда, качан? Кел муну жасайбыз", - деп жазды Чамизо.
Эки балбан тең 74 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшөт. 2020-жылы алар Дүйнө кубогунун финалында кез келген, анда Разамбек Жамалов жеңишке жеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.