super.kg logo
  Спорт  

Кыргызстандык калыстар Колумбиядагы Дүйнө чемпиондугун тейлешет

 

Өлкөнүн калыстар корпусунун өкүлдөрү Колумбияда өтүп жаткан кыз-келиндер арасындагы Дүйнө чемпиондугун (U-20) тейлешет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган турнирде ФИФА калысы Вероника Бернацкая жана ФИФА калыс жардамчысы Рамина Цой калыстык кылышат.

"31-августта башталган Дүйнө биринчилиги 22-сентябрга чейин уланат. Турнирге жалпысынан 24 курама катышып жатат", - деп айтылат маалыматта.

Биримдик Борбордук Азиянын калыстар корпусунан бул турнирге Кыргызстандын өкүлдөрү гана дайындалганын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: