super.kg logo

Тель-Авивде жарым миллиондон ашык адам нааразылык акциясына чыгышты

 

Жүз миңдеген израилдиктер Газа тилкесиндеги барымтадагыларды бошотуу боюнча келишимди тез арада түзүү талабы менен Тель-Авивдин көчөлөрүнө нааразылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Митингчилер от жагып, полиция аларга каршы турууга аракет кылып, атайын техниканы колдонуп, тартип бузгандарды кармаган. Акцияга болжол менен 550 миңдей адам чыккан.

Ал эми Иерусалимде миңдеген адамдар Израил парламентинин алдына чогулуп, ал жерде коопсуздук кабинетинин чукул жыйыны өткөн. Демонстранттардын көбү чогулушту үзгүлтүккө учуратууга аракет кылып, ызы-чуу салып, ышкырып, кыйкырышкан. Нааразылык акциясына чыккандар дүйшөмбү күнү кайтып келип, өкмөттүн ишин үзгүлтүккө учуратууну улантышарын билдиришкен.

Израилдин каржы министри Безалел Смотрих өлкөнүн башкы прокурорунан дүйшөмбүгө пландалган жалпы улуттук иш таштоону болтурбоо үчүн шашылыш буйрук берүүнү суранган. Башкы прокурорго жолдогон катында министр иш таштоо согуш учурунда экономикага зыян келтирип, кооптуу прецедент түзөөрүн жүйө келтирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: