Ош. Алайда жаңы мектеп ачылды
Мектептин салтанаттуу ачылыш аземинен.


Мектептин салтанаттуу ачылыш аземинен.

Жетекчилер мектеп менен таанышып жатышат.

Жаңы ачылган Иляз Адишов атындагы мектептин имараты.
"Алай районунун Таш-Дөбө айылында Иляз Адишов атындагы мектептин имараты ачылды" деп кабарлады КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Шайлообек Козубаев. Маалыматка ылайык, ачылышка губернатор Сооронбай Жээнбеков, ЖК депутаты Каныбек Осмоналиев, Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алимжан Байгазаков, район башчылары жана жергиликтүү калк катышкан. 280 орундуу мектеп мамлекеттин бюджетинен курулуп бүткөн. Ага 42 миллион сомдун тегерегинде акча каражаты сарпталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:41
2025-07-09

Рейтинг:
0

