super.kg logo

Баткенде милицияга кол салган жаран кармалды

 

Баткен районунун Кара-Бак айылында милиция кызматкерине кол салган жаран кармалды. Бул туурасында бүгүн, 2-августта Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, окуя 1-сентябрь күнү түнкү саат 03.55тер чамасында катталган. Анда Кара-Бак айылында автобейбаштык жасап, элдин тынчын алган жаранга милиция кызматкери барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Бирок ал милиция кызматкеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, ага кол салган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 374-беренеси (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) менен кылмыш иши козголуп, аталган айылдын 25 жаштагы А.З. аттуу тургуну кармалган.

Кармалган жаран окуя болгон учурда мас абалда болгон. Учурда тергөө иштери уланып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: