super.kg logo

Нарында аялын бычактаган жаран эки айга камакка алынды 

 

Нарын шаарында аялына бычак сайган тургун эки айга камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 31-августта саат 11:00 чамасында милицияга облустук ооруканадан жолдошу аялын бычак менен сайып жибергени боюнча маалымат түшкөн.

Анда 42 жаштагы М.Н. аттуу тургун "Он-Арча" базарынын ичиндеги ашканада ашпозчу болуп эмгектенген 41 жаштагы келинчегин ашканада өзү көтөрүп жүргөн бычагы менен сайып жибергендиги аныкталган.

Аталган окуянын видеосу социалдык тармактарга тараган. Анда ашканада тамак жасап жаткан аялды сырттан кирип келген жаран себепсиз эле бычактап баштаганын көрүүгө болот.

Учурда жабырлануучу Нарын облустук оорукананын хирургия бөлүмүндө. Милиция аялдын абалы туруктуу экенин билдирди. Азыркы тапта окуянын чоо-жайы такталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: