Баткенде 28 жаштагы жигит вино сактоочу жайда ууланып каза болду
Баткенде жайгашкан вино сактоочу жайда 2 жаран ууланып, бири каза болду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 2-сентябрда облустук милициянын басма сөз кызматынан тастыктады.
Милиция билдиргендей, 31-август күнү Баткен районунун Чоң-Талаа айылында жайгашкан вино сактоочу жайдагы 10 тонналык идиштерди тазалап жаткан 51 жана 28 жаштагы эки жаран ууланышкан. Тилекке каршы, 28 жаштагы жаран ооруканага жетпей каза болгон.
"Маркумдун жакындары соттук-медициналык кароодон баш тартып, жансыз денени ооруканадан алып кетишкен. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.
Вино сактоочу жай "Глобал Алко" ЖЧКсына таандык экени айтылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.