super.kg logo

Түркиянын Коргоо министрлиги Ирак менен Сирияда 17 террорчу "жок кылынганын" жарыялады

 

Түркиянын куралдуу күчтөрү кечээ, 1-сентябрда Ирак жана Сириянын түндүгүндө жүргүзгөн операцияларында 17 террорчуну "нейтралдаштырганын" Коргоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Ирактын түндүгүндө Күрдистан жумушчу партиясынын (PKK) 15 мүчөсү "жок кылынды". Ошондой эле Сириянын түндүгүндөгү Манбиж шаарында өткөрүлгөн өзүнчө операцияда күрттөрдүн Элдик коргонуу күчтөрүнө (YPG) таандык 2 аскер кызматкери "нейтралдаштырылды".

Министрлик Түркиянын террорчуларга каршы активдүү иш-аракеттерин уланта турганын белгиледи.

Кошумчалай кетсек, Түрк өкмөтүнүн отчётторунда көп колдонулган "нейтралдаштырылган" термини сөз болгон "террористтердин" багынып бергенин, өлгөнүн же колго түшкөнүн билдирет.

PKK Түркия, АКШ жана Европа Биримдиги тарабынан террордук уюмдардын тизмесине кирген. Түрк бийлиги аталган уюм 30 жылдан ашуун убакыттан бери түрк өкмөтүнө каршы козголоң чыгаруу иштерин жүргүзүп келерин белгилейт.

Түркия Ирак жана Сириядагы PKK жана YPG согушкерлерине каршы операцияларын активдүү жүргүзүп келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: