Быйыл Ош шаарында 8 миңден ашык окуучу биринчи жолу мектеп босогосун аттады











Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров №4 С.М. Киров атындагы мектеп-гимназиясында өткөн салтанаттуу иш-чарага катышып, окуучуларды жана мугалимдерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда Ош мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, Ошто билим күнүнө арналган иш-чаралар шаардагы бардык 69 мамлекеттик мектептерде өттү.
"Быйылкы 2024-2025-окуу жылында Ош шаарында биринчи класска кабыл алынган окуучулардын саны 8745ке жетти, ошол эле учурда бала бакчаларга 2500дөн ашык бала кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Ош шаарында быйыл жылдын аягына чейин төмөнкү 1825 орундуу жалпы 4 мектеп пайдаланууга берилет:
- Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгындагы 625 орундуу;
- Ирригатор көчөсүндө 275 орундуу;
- Мээркан айылында 225 орундуу;
- В.Терешкова атындагы (жатак) 700 орундуу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.